Желтийбес

Википедия дан

Желтийбес"Манас" эпосунун эпизоддук кейипкери. Эсенкандын атайын тапшырмасы менен Манасты өлтүрүү үчүн кытайдан келген Көзкамандардын бири. Алооке кыргыздарды чапканда сүрүлүп кетип, калмак болуп калган. Түбү Манастын аталаш тууганы. Манаска алдап уу бергенден кийин аны өлдү деп, ордосун талап алышып кытайга кетип баратышканда аркасынан кууп жеткен кырк чоронун колунан өлөт (Курама варианты, 1. 267 — 292; Саякбай Каралаев, "Семетей", 1. 189—210).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4