Жел-Арык (Байбиче-Сооруу) граносиенит кени

Википедия дан

Жел-Арык (Байбиче-Сооруу) граносиенит кени Чүй облусунун Кемин районунда, Жел-Арык т. ж. бекетинен 2,5 км түндүк-батышта жайгашкан. 1959–60 жана 1983–84-ж. геол. чалгындоо иштери жүргүзүлгөн. Кен пермь мезгилинде пайда болгон граносиениттен түзүлүп, Чүй дарыясынын сол жээгин бойлоп созулуп, Байбичесоорусунун ири массивин түзөт. Граносиениттин арасында порфириттердин дайкасы (3–5%) жана сейрек кварц-турмалиндин майда тарамчалары кездешет. Граносиенит төмөнкүдөй физикалык-механикалык касиеттерге ээ: кургак абалда баскандагы бектигинин чеги 212,7 МПа, сууга каныккан абалдагысы 195,8 МПа, жумшаруу коэффициенти 0,97, тыгыздыгы 2,73 г/см3, жалпы тыгыздыгы 2,69 г/см3, көзөнөктүүлүгү 1,34%, суу сиңирүүсү 0,14%. Лабораториялык жана технологиялык сыноонун негизинде граносиенит оор бетонго шагыл катары пайдаланса боло тургандыгы аныкталган. Запасы А+В+С1 категориясы боюнча 18076,6 миң м3.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]