Женгелдиктер
Женгелдиктер (фарсча женгель- токой) - 1912-ж. империалисттерге каршы Гилянда (Иран) чыккан партизандык кыймылдын катышуучулары.
Токойдо жашырынган Женгелдиктер отряддарына дыйкандар, батрак курддар, шаар-кыштактын майда буржуазиями кирген. Анын уюштуруучулары Кучек-хан, Хешмет Талегани, Ахмед Кесмаи ж. б. болгон.
Женгелдиктердин башында 1-дүйнөлүк согуш жылдарында панисламчыл бурж.-улутчул «Ислам биримдиги» уюму турган.
1920-21-ж. Гилянда улуттук-бошт. кыймылы жогорулаган кезде Женгелдиктер Иран коммунисттери менен бирге чыккан. Револяцялык окуялардын өөрчүшүнөн жана компартиянын таасири өскөндөн чочулаган Женгелдиктердин жетекчилери 1921-ж. 5-жюнда контр-революциялык төңкөрүш жасаган.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.