Женева конвенциялары (1949)

Википедия дан

Женева конвенциялары (1949) – согуштан жапа тарткандарды коргоо жөнүндөгү көп тараптуу эл аралык келишимдер. 1949-ж. 12-августта Женевада (Швейцарияда) кол коюлган: 1) согушуп жаткан армиялардагы жарадар жана оорулуу жоокерлердин абалын жакшыртуу жөнүндө конвенция; 2) кеме кыйроосуна учураган деңиздеги куралдуу күчтөрдүн курамындагы жарадарлардын, оорулуулардын жана башкалардын абалын жакшыртуу жөнүндө конвенция; 3) аскер туткундарына карата мамиле жөнүндө конвенция; 4) согуш учурунда жарандык калкты коргоо жөнүндө конвенция. Женева конвенцияларына СССР да катышкан. Конвенциялар эл аралык укуктун согуш аракеттери каршылашынын куралдуу күчтөрүнө каршы жүргүзүлөт, жарандык калкка, оорулуу, жарадар жана туткунга түшкөн адамдарга каршы жүргүзүлбөйт деген принцибин бекемдеген. Женева конвенциялары жарыяланган согушта же ар кандай куралдуу чыр-чатакта, кайсы бир аймакты басып алууда (куралдуу каршылык көрсөтүлбөсө да) колдонулат. Согушка катышып жаткан тараптар жана ошондой эле бейтарап мамлекеттер Женева конвенцияларынын эрежелерин сакташ керек. Женева конвенцияларына мүчө мамлекеттер Женева конвенцияларынын эрежелерин бузган кишилерди табууга жардам көрсөтүүгө тийиш. Мындай кишилер кайсыл мамлекеттин аймагында кылмыш жасаган болсо, ошол мамлекеттин соту менен соттолот же Женева конвенцияларына мүчө болгон кайсы бир мамлекет далилдей алса, анда анын соту менен да соттолушу мүмкүн. Жарадар, оорулуу, туткунга түшкөн аскерлерди жана жарандык калкты атайын өлтүрүү, алардын ден соолугуна зыян келтирилген биологиялык тажрыйбаларды жүргүзүү жана туткунга түшкөн аскерлерди душмандын армиясында кызмат өтөөгө зордоо жана башка Женева конвенцияларын орой бузгандык болуп саналып, кылмыш жоопкерчилиги каралган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1