Жердин магнит уюлдары

Википедия дан

Жердин магнит уюлдары - геомагниттик уюлдар – магниттик багыт сызыктарынын жер бетинде кошулган чекиттери. Жер шары магниттелген дипол сферасы болгондуктан, диполдун магниттик огу менен 11,5°ка жакын бурчту түзөт. Жердин магнит уюлдары географиялык уюлдарга жакын тереңдикте жайгашат, бирок алар менен кошулбайт. Жердин магнит уюлдары түндүк жана түштүк магниттик уюлдар деп аталып, жердеги магнит талаасынын кылымдык өзгөрүшүнө байланыштуу убакыт өткөн сайын орун которот. Уюлдардын орду Жердин магнит потенциалын эсептөө менен аныкталат. Алардын координаталары (1975): Түндүк жарым шарда түндүк кеңдик боюнча 75°53, батыш узундугу боюнча 100231; Түштүк жарым шарда түштүк кеңдик боюнча 66061, чыгыш узундугу боюнча 139361.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1