Жер-суу комитеттери

Википедия дан

Жер-суу комитеттери – 1918–20-жылы Түркстан АССРинде Совет бийлигинин агрардык саясатын жүзөгө ашыруу үчүн иштеген уюмдар. Жер-суу комитеттерине элетте жашап, 20 жаштан ашкан 500 адамдан бирден мүчө шайланган. Негизги максаты бирөөнүн эсебинен жашагандардын (бай-манап, кулак ж. б.) жерлерин жерсиз жана жери аз кембагалдарга бөлүп берүү болгон. Бул иш-чара жерди мурдагыдан натыйжалуу иштетүүгө, ошондой эле келечекте айыл чарбасын коллективдештирүү үчүн жакшы жагдайларды түзгөн. Жер-суу комитеттери 1920-жылы жергиликтүү Советтердин жер-суу бөлүмдөрү болуп кайра түзүлгөн.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамалекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.