Жер-Үй мөңгүсү
Көрүнүш
Жер-Үй мөңгүсү – Тескей Ала-Тоонун Түндүк капталындагы өрөөн тибиндеги мөңгү. Ак-Сай суусунун алабынан орун алган. узундугу 7,3 км, аянты 8,7 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңгээлинен 4640 м, этеги 3430 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийиктиги 3970 м. Абляциясынын аянты 3,7 км2. Мөңгүдөн Жер-Үй суусу (Тоң районундагы Ак-Сай суусунун негизги курамы) башталат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074-5
- Кыргызстандын географиясы Archived 2014-07-14 at the Wayback Machine ISBN 9967-14-006-2
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот.
|