Жер дүлөйлөр

Википедия дан

Жер дүлөйлөр - гастеромицеттер тобундагы базидиялуу козу карындар.

3 урууга кирген 100го жакын түрү бар. Жер дүлөйлөр шалбаада, жайытта, токойдо өсөт. Тукумдук денеси кээде өтө ири болот.

Мисалы, Calvatia турунун тукумдук денесинин чоңдугу дарбыздай. Анын 7 триллионго жакын спорасы болот.

Жер дүлөйлөрдүн жаш тукумдук денелери ак, кийин саргарып, акырында күрөң түскө өтөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.