Жер иштери

Википедия дан

Жер иштери – жер казуу, тегиздөө, тыгыздоо, казылган топуракты жүктөө же көтөрүп, жылдырып керектүү орунга коюу. Жер иштеринин максаты – жер кыртышынан инженердик курулуш (плотина, темир жана автомобиль жолдору, канал, траншея жана ушундай сыяктуу) куруу, имарат жана курулуштун негизин түптөө, курулуучу имараттардын ордун тегиздөө, ошондой эле пайдалуу кен чыгуучу жайлардын үстүнкү бетин ачуу. Ачык ыкма менен кен казып алууга байланышкан жер иштери тоо жумушуна кирет. Жер иштери ачык (жер үстүндө), жер асты жана суу асты болуп бөлүнөт. Жер иштерин аткаруу курулуш машиналары (экскаватор, бульдозер, казып-шилегич машина, грейдер, трактор, дүмүр казгыч, бадал кырккыч, ылай соргуч жана ушундай сыяктуу), ошондой эле гидромеханикалаштыруу каражаттары жана жардыруу ыкмасы менен ишке ашырылат. Жер иштеринен мурда даярдоо иштери – курулуш аянтындагы майда дарактарды кыркуу, таштан арылтуу, дүмүр казуу, жол салуу, жер астындагы суунун деңгээлин азайтуу жана ушундай сыяктуу жумуштар жүргүзүлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1