Жол

Википедия дан

Жоладам, транспорт жана башка каттоого, жүк ташууга арналган жол катнаштардын жалпы аты. Кыргыздарда жолду төмөнкүчө бөлөт: кара жол, жалгыз аяк жол, даңгыр жол, кыя жол, чыйыр жол, төтө жол, аба жолу, суу жолу, темир жолу, кан жол жана башка Топоним катары да Кыргызстандын географиялык аталыштарынын курамында көп кездешет, мисалы, Жол-Колот, Жол-Жылга, Жол-Сай, Жол-Жакшы, Жол-Коо жана башка. Жол тармагы Евразияда биздин заманга чейин 5-миң жылдыкта пайда болгон. Адегенде жол бетине эч нерсе төшөлбөстөн эле жасалган. Жол салуу курулушу 1747-ж. Парижде инженерлерди даярдоо үчүн жол жана көпүрө боюнча улуттук мектеп түзүлгөндөн башталган. 1789-ж. Францияда узундугу 40 миң км болгон жол тармагы курула баштаган. Байыркы жана орто кылымдарда Алдыңкы жана Орто Азияны Кытай менен байланыштырган нербен жол Улуу жибек жолу болгон. Байыркы орустарда 8–10-кылымда Киевди Крым жана Дон менен байланыштырган соода жол пайдаланылган. Россияда жол курулушу 1722-ж. Петербург – Москва жолунун салынышынан башталган. 20-кылымда шаарларда эл көбөйүп, автомобиль жол менен жүргүнчү жана жүк ташуу кыйындагандыктан, жер алдындагы рельстүү жол (метрополитен) жана жер үстүндөгү монорельстүү жол курула баштаган. Автомобиль жол тармактарын куруу 1950-жылдардын аягында башталып, эки тилкелүү, бурулуштары жайык келген, полотносу жантайыңкы жасалган ылдам жүрүүчү жолдор салынган. Айрыкча Японияда жол куруу ылдам өнүгүп, эки-үч катар ылдам жүрүүчү жолдор көчөлөрдүн үстүнө курулууда. Кыргызстанда жол куруу 20-кылымдын башынан өнүгө баштаган, мисалы, 1924-ж. узундугу 568 км болгон Арыс – Пишпек жолу салынган. Кийнчерээк Ош – Жалал-Абад – Көк-Жаңгак, Фрунзе – Талас, Фрунзе – Ош жана башка жолдор курулду.

Транспорт жараяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жүктөө транспорт экспедитор жеке жабдууларды карап көрөт чейин VIN-саны унааны текшерүү. Шина зыян келтирүүдөн сактануу максатында баалуу кошумча убакыт камсыз кылуу болуп саналат менчиктештирүү боюнча сахнадан жана сапаты тууралуу эч кандай кескин объектилери бар. Сахнага Жайгашуу дегенде 20 км / саат ылдамдык менен ишке ашырылат. Атайын жабдуу менен жүргүзүлөт транспорт бетине ортосундагы аралык, бери дегенде, 8 см болушу керек.[1]

Жазуулар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Шаардан шаарга ташуу жараяны.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1