Жер катмарындагы электр токтору

Википедия дан

Жер катмарындагы электр токтору , теллурис токтору - Жер жана аны курчап жаткан атмосферадагы физикалык-химиялык процесстердин натыйжасында жер кыртышынын жогорку катмарында пайда болчу жана убакыт менен мейкиндик боюнча өзгөрүүчү табигый электр токтору.

Алар убакыт боюнча өтө кескин өзгөрүп турушу, бир мезгилде чоң аянтка таралышы жана потенциал градиенттик чоңдук өлчөмүнүн өтө аздыгы менен мүнөздөлөт. Алардын пайда болуу себептери жана жердин канчалык тереңдигине чейин таралышы так аныктала элек, бирок өзгөрүлүшү магнитосфера менен ионосферадагы татаал электр магниттик индукция процесстерине байланыштуу экендиги далилденди.

Багыты жана өлчөмү туруксуз. (Төмөнкү тереңдиктерде алардын өлчөмү 0,5 в болсо, уюлдарда 10 в ко жетет). Жалпы өзгөрүү касиети боюнча туруктуу жана туруксуз болуп бөлүнөт. Вариациясын жана геомагниттик күч сызыктардын өзгерүүлөрүн айкалыштыруу менен Жер катмарындагы электр токтору геологиялык чалгындоо иштеринде колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.