Жер кезүүчүлөр

Википедия дан

Жер кезүүчүлөр – 16–17-кылымда Сибирь, Ы. Чыгыш жана аны чулгаган деңиздерге саякат жасаган орустар. Алар негизинен «кызматтагылар» (түрдүү даражадагы казак орустар), соодагерлер жана куну айбанаттарга аңчылык кылгандар болгон. Орус өкмөтүнүн жана Сибирь адмененын колдоосу астында 17-кылымдын башында Батыш Сибирдин басымдуу бөлүгү (Енисей дарыясына чейин) жалпы жонунан изилденип, Россияга кошулган. Жер кезүүчүлөр өздөрү барган жерлердин көптөгөн «чиймелерин» түзүп, анда Россиянын азиялык бөлүгүн мүнөздөгөн көп материалдарды чогултушкан. Чындыгында жер кезүүчүлөр зор аймакты өздөштүрүүгө өбөлгө түзгөн географиялык айрым ачылууларды жасашкан. Алардын ичинен 17-кылымдын ортосундагы жана аягындагы И. Москвитин, В. Поярков, С. Дежнёв, В. Попов, Е. Хабаров, В. Атласовдун изилдөөлөрүнүн географиялык мааниси зор болгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1