Жер кыргыч

Википедия дан

Жер кыргыч – 1) жер кыртышын катмарлап кесип, тынымсыз иштөөчү жер казуучу машина. Анын тракторго чиркелүүчү жана өзү жүрүүчү түрлөрү болот. Жер кыргыч канал курууда, жер тегиздөөдө, жолго кыр чыгарууда, жолду кардан тазалоодо колдонулат; 2) чуңкур жайлардан кыртыш кырып алуучу курулуш экскаваторунун жумушчу бөлүгүнүн бир түрү. 3) пайдалуу кенди жер алдынан казып алуучу кыргыч курулманын бөлүгү; 4) жалпак түптүү, парус-калактуу, тик борту бар эски жыгач кеме. Узундугу 20–45 м, эни 4–9 м. ХI–ХIХ кылымда Россияда негизинен жүк ташуу үчүн пайдаланылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1