Жер семирткичтер

Википедия дан
Жер семирткич‎»‎ барагынан багытталды)
Жер семирткичтер.

Жер семирткичтер - топурактын жүрдүүлүгүн жана өсүмдүктүн түшүмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн колдонулуучу орг. минералдык заттар.

Жер семирткичтер - өсүмдүктүн түшүмүн арттырууда тез таасир берүүчү натыйжалуу азык зат.

Жер семирткичтер негизинен эки топко бөлүнөт: органикалык, минералдык.

Орг. Жер семирткичтерге кык, чыла, чым көң, компост, о. эле бактериялуу жана кек жер семирткичтер кирет. Алар негизинен жерг. болуп саналат да, чарбада топтолуп, даярдалат.

Минералдык Жер семирткичтерге азот, фосфор, калий, аки таш, гипс, күл жана микро жер семирткичтер кирет. Булар негизинен химиялык заводдо чыгарылгандыктан өнөр жай Жер семирткичтери деп аталат.

Көп Жер семирткичтер өсүмдүктөргө түз (суперфосфат, фосфорит уну ж. б.) жана кыйыр (аки таш) таасир тийгизет. Жер семирткичтерди колдонуу менен топурактагы микробиологиялык процесстер ылдамдап, отоо чөптөр жана зыяндуу микроорганизмдер жоголот; топуракта азык заттар топтолот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.
  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2