Жер чукуурлар

Википедия дан
Blarina carolinensis.

Жер чукуурлар (Soricidae) – курт-кумурска жечүлөр түркүмүнүн тукуму. Чычканга окшош, жүнү баркыттай, буту кыска, башы чоң, тумшугу узун, тиштеринин учу күрөң. Дүйнө фаунасындагы сүт эмүүчүлөрдүн эң кичине өкүлдөрү (кидик ак тиш жана эң кичине күрөң тиш) кирет. Дене узундугу 3,5–18 см. Куйругу 1–12 см. Денесинин капталында жана чатында жыты бар суюктук бөлүп чыгаруучу без жайгашкан. Жер чукуурлардын жер жүзүндө 25, КМШ өлкөлөрүндө 5 уруусу, Кыргызстанда 3 уруусунун 4 түрү бар. Суткасына өзүнүн салмагынан 2–2,5 эсе көп зыяндуу курт-кумурска жана алардын личинкасы менен азыктангандыктан, жер чукуурлар токой жана айыл чарбага чоң пайда келтирет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]