Жетим-тоо темир кенташтуу формациясы

Википедия дан

Жетим-тоо темир кенташтуу формациясы - Жетим формациясы – Ортоңку Теңир-Тоонун басымдуу бөлүгүндө жер бетине чыгып жаткан темир кенташтуу жанартоо-терриген тоотектеринин калың катмарлары. Ортоңку Теңир-Тоодо, айрыкча Жетим кырка тоосунда кеңири тараган. К. С. Сагындыков аларды өз алдынча геологиялык формация катары бөлүп (1967), Жетим кырка тоосунун аты менен атаган. Формация мурсаш менен жетим сериясынан түзүлгөн. Анын астында плагиограниттер, ар түрдүү эффузивдер, көмүртек-чополуу сланецтер, трахибазальттар, трахиандезиттер, трахидациттер, трахиттердин туф-лавалары, туфтар, туфиттер жатат. Формацияда темир (Жетим темир кенташ бассейни) жана марганец (Жакболот, Арчалы кендери) кенташтары бар. Формация жана андагы кен К. С. Сагындыковдун изилдөөсү боюнча Жердин байыркы экватор алкагында, байкал бүктөлүүсү мезгилинде жанартоолор дайыма атылып турган учурда жанартоо-чөкмө түрүндө пайда болгон.

Дагы караңыз[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1