Жийделик акиташ кени

Википедия дан

Жийделик акиташ кени Баткен облусунун Кадамжай районунда, Кадамжай кыштагынан 1,7 км түштүктө, Жийделисай суусунун оң капталында, деңиз деңгээлинен 1160–1245 м бийиктикте. 1987-ж. геол. чалгындоо иши жүргүзүлгөн. Акиташ карбон мезгилинде пайда болгон. Химиялык курамы боюнча акиташтан I жана II сорттогу курулуш акисин алууга болот. Кен казып алынууда. Запасы А+В+С1 категориясы боюнча 940 миң т.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]