Жийдели-Сай чополуу сланец кени

Википедия дан

Жийдели-Сай чополуу сланец кени Баткен облусунун Кадамжай районунда, Кадамжай шаарчасынан 2 км түштүк-чыгыш тарапта, деңиз деңгээлинен 1100–1370 м бийиктикте. 1969–70-ж. Түштүк Кыргыз геол. экспедициясы чалгындаган. Кен аймагында силурдун кум–чополуу тектери, кварцит жана девондун чополуу сланецтери жатат. Пайдалуу катмар девондун чополуу сланецтеринин арасындагы бир өңчөй, өңү каралжын, боз сланец тоотегинен турат. Курамында серицит менен хлорит 60–70%, талаа шпаты 20–25%, кварц 5%. Сланецтин көөп чыгуу коэффициенти 3–7, орточо тыгыздыгы 0,470–0,730 г/см. Сланецтен “Б” классындагы “500”, “600” жана “700” маркасындагы керамзиттик шагыл алууга болот. Запасы В категориясы боюнча 2399 миң м3, С1–5379 миң м3, В+С1–7778 миң м3, С2–5067 миң м3; 1997-жылга карата баланстагы запасы: В–2328 миң м3, С1–5379 миң м3, В+С1–7707 миң м3, С2–5067 миң м3. Кен казып алынууда.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]