ЖинМэн

Википедия дан
ЖинМэн
Урааны

«Жиниме тийбе»

Жанры

Комедия

Режиссёру

Нурлан Мирзаматов
Эрмек Исмаилов

Продюсери

Манас Козубаев

Сценарийдин
автору

Рысбек Жабиров

Башкы ролдордо

Нурсултан Алибеков, Илим Калмуратов

Узактыгы

81 мүнөт

Өлкө

 Кыргызстан

Тили

Кыргызча

Жылы

2016

Super.kg

ID 3541

ЖинМэн2016-жылы тартылган. сыйкыр-комедия жанрындагы, Кыргыз көркөм тасмасы.Режиссёру:Нурлан Мирзаматов, экинчи режиссёру:Эрмек Исмаилов.Баш каармандарда:Нурсултан Алибеков, Илим Калмуратов

Мазмуну[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тасмада эрке чоңойгон байдын уулу тууралуу баяндалат. Акча менен баарын бүтүрсө болот деген ал жакындарын капа кылып, балдарды уруп-сабап, жадакалса Кудай жок дегенге чейин барат. Бир күнү баланы эсине келтирүү үчүн жин пайда болот. Эрке бала 5 сааттын ичинде жашоодогу кыйынчылыктарды, кызыктуу окуяларды башынан өткөрөт.Жин кетирген каталарын эстетип баарынан кечирим суратат.

Каармандарда[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Нурсултан Алибеков
  • Илим Калмуратов
  • Табылды Акматов
  • Марат Козукеев
  • Улан Жукенов
  • Дамир Абдраимов
  • Садыр Сагынбаев
  • Назбийке Айдарова
  • Перизат Эрманбетова
  • Бекманбетов Кайрат

Тасма тууралуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тасманын экинчи режиссёру Эрмек Исмаилов фильм тууралуу буларды айтты:

Учурда көп тасмалар тартылып жатат. Албетте, баары жогорку деңгээлде тартылбайт. Кино тармагында мындай нерсенин болгону жакшы, себеби сапаттуулары иргелет, улам жакшы тасмалар тартыла баштайт. "ЖинМэн" комедиялык тасмасы көрүүчүлөргө жагат деп үмүттөнөбүз. "Эл - тараза, эл - сынчы" дегендей, бүгүн эл назарына коюлду.

Башкы каармандын ролун жараткан Нурсултан Алибековдун бул дебюттук ролу.

Тасмада көпкөн, шок баланын образын жараттым. Буга чейин жарнамалык түрмөктөргө эле тартылганым болбосо, тасмага тартылган эмесмин. Образымды көрүүчүгө жеткире алдым го деп ойлойм. Өзүм да көрө элекмин, кандай ойногонубузду көрүүчүлөр менен чогуу байкайбыз.

Эскертүүлөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]