Жирардо Анни

Википедия дан

Жирардо Анни - (25. 10. 1931-ж. туулган, Париж) – франциялык актриса. 1954-ж. Париж консерваториясын бүтүргөн. «Комеди Франсез» жана башка театрларда иштеген. 1956-жылдан кинодо. Жирардо чыгармачылыгында белгилүү ролдордун бири – «Рокко жана анын бир туугандары» (реж. Л. Висконти, 1960) фильминен Надянын ролу болгон. «Манхэттендеги үч бөлмө» (1965, Венеция ЭКФ сыйлыгы), «Сүйүүдөн каза табуу» (1971), «Отсуз түтүн чыкпайт» (1973) жана башка фильмдерде сыймыктуу жана күчтүү, чечкиндүү, өз тагдырын өзү чечкен аялдардын образын түзгөн. «Кара далы кыз» (1972, Батыш Берлин ЭКФ сыйлыгы), «Сантьягодогу жаан» (1975, Франция – БЭР), «Шектенүү» (1974, Италия) жана башка фильмдерде көрүнүктүү ролдорду ойногон. «Реванш», «Доктор Франсуаза Гайан» (1981), «Пианистка» (2001) жана башка фильмдерге тартылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1