Жогорку көл

Википедия дан
Жогорку көл.
Жогорку көл.

Жогорку көл – (Lake Superior) дүйнөдөгү эң чоң тузсуз көл. Түндүк Америкада (түндүк-чыгышы Канадада, батышы жана түштүгү АКШда). Улуу көлдөрдүн ириси жана тереңи. Аянты 82,4 миң км2, тереңд. 393 мге чейин. Гурон көлү менен Сент-Мэрис дарыя аркылуу туташат. Чанагы тектоникалык кыймылдан пайда болгон. Жээктери декабрдан апрелге чейин тоңот. Балык кармалат. Негизги порттору: Дулут, Сьюпириор, Ашленд, Маркетт (АКШ), Тандер-Бей (Канада). Айл-Ройcл улуттук паркы уюшулган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1