Жозеф Хотон Тейлор кич.

Википедия дан
Жозеф Хотон Тейлор (2008).

Жозеф Хотон Тейлор кич. (англ. Joseph Hooton Taylor Jr.; 1941-жылы 29-март) – америкалык астрофизик, Рассел Алан Халс менен бирге "гравитациянын жаңы изилдөө мүмкүнчүлүктөрүн ачкан пульсардын жаңы түрүн" ачканы үчүн физика жаатындагы "Нобель" сыйлыгынын ээси болгон.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Илимий ишмердиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сүйүүчүлөр радиосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жо Тейлор сүйүүчүлөр радионун уруксат күбөлүгүн биринчи жолу өспүрүм кезинде алган, ошону менен жаш Тейлордун радиоастрономияга кызыкчылыгы пайда болгон. Тейлор сүйүүчүлөр радионун начар сигналдуу радио байланыш тармагында таанымал, ошону менен Байланыш боюнча федералдык комиссиясы окумуштууга K1JT чакыруучу үн белгисин тапшырган. Мындан мурда Тейлор K2ITP, WA1LXQ, W1HFV жана VK2BJX (кийинчирээк Австралияда) чакыруучу үн белгилерин ээлечү. Тейлордун сүйүүчүлөр радио жетишкендиктерине 2010-жылдын апрелинде тоо экспедициясы кирет, анда окумуштуу Arecibo радио телескобу аркылуу ЕМЕ байланышын бүткүл дүйнө жүзүндөгү сүйүүчүлөр радиого үн, Морзе коду жана санарип байланышы менен өткөргөн.

Тейлор активдүү түрдө бир канча компүтердик программаларды жана байланыш протоколдорун өнүктүрүүдө, алардын ичине WSJT ("Weak Signal/Joe Taylor"; кырг. "начар сигнал/Жо Тейлор"), башка сүйүүчүлөр радиосу менен чоң аралыкта байланышты камсыз кылган берүүчү жана кабылдоочу радио менен бирге көмпүтердик маалымдолорду пайдаланган программалык камсыздоо жана протоколдор пакеттер кирет. WSJT ЕМЕ, метеордук чачындар жана башка сигнал/үндүн ортосундагы төмөн катышы болгон жолдор сыяктуу көнүм болбогон радио байланыш ыкмалардын жардамы менен кыска маалымдоолорду берүүгө жөндөмдүү. Ал ошондой эле төмөн күч берүүчү өтө алыс берүүлөрдү аткарууга жөндөмдүү.

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]