Жокьякарта шаары

Википедия дан
Жокьякарта.

Жокьякарта шаары - (Yogуakarta, Jogjakarta, Djokjakarta) – Индонезиядагы шаар. Ява аралында, Мерапи жанартоосунун (бийиктиги 2911 м) түштүк тарабында, Инди океанынын жээгинен 35 км аралыкта жайгашкан. Өзгөчө административдик бирдик болуп бөлүнгөн. Калкы 670 миң (2007, шаар агломерациясында 1,5 млн). Жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. Өлкөнүн башка шаарлары менен темир жол аркылуу байланышат.

Шаар 1755-ж. негизделген. 1946–49-ж. Индонезиянын убактылуу борбору. Шаар бир нече жолу жер титирөөдөн (2006-ж. 27-майдагы жер титирөөдө 6 миңге жакын адам каза болгон) жана Мерапи жанартоосунун атылышынан жапа чеккен. Батик кездемесин чыгаруучу кустардык өндүрүшү, тамак-аш (кант, жемиш консервасы, май жана башка), тамеки, эмерек жасоочу өнөр жай ишканасы иштейт. Көркөм буюмдар жасалат. Университтер (анын ичинде Гажа-Мада; 1949, мамлекеттик), Индонезия искусство институту, бейөкмөт ЖОЖ (анын ичинде Индонезия Ислам университети; 1945), классикалык Ява бийи мектеби жана көлөкө театры (ваянг-кулит) Ислам жана регион­дук китепканалар, музейлер (Сонобудойо Индонезия искусствосунун, улуттук баатыр ханзаада Дипонегоронун), океанариум (акулалар үчүн дүйнөдөгү эң ири бассейн), Пасар-Нгасем канаттуулар базары жана башка бар. Шаардын чет-жакасындагы 8–10-кылымдын архитектура эстеликтери – дүйнөдөгү эң чоң будда храмы Боробудур, индуизм храм комплекси Прамбанан Бүт­күл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген Ошондой эле Борбордук чиркөө, шаардын тарыхый борборунда султандын ак сарай ансамбли («кратон», 18-кылым), парк, Таман-Сари ак сарайынын калдыктары («Суу сепили», 1758; 2006-жылдан ка­лыбына келитирилүүдө) сакталган. Жокьякарта – Ява аралынын башкы маданий жана туристтик борбору. Жыл сайын Индонезия музыкасынын жана бий искусствосунун фестивалдары өткөрүлүп турат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1