Жок нерсе (философия)

Википедия дан

Жок нерсе – бир катар философиялык системаларда конкреттүү маңыздын же болмуштун жоктугун же жашабастыгын белгилеген категория.

Онтологиянын бар нерсе, маңыз, болмуш өңдүү түшүнүктөрүнө каршы келет. Философиянын тарыхында Жок нерсе көп учурда жок болмуш түшүнүгү менен тең маанилеш түшүнүк катары каралат; айрым учурда бул түшүнүктөр өз ара чектелген эмес. Ал тургай жок болмуш Жок нерсе караганда абстрактуу формада чечмеленип, болмушту четке каккан түшүнүк катары сыпатталган. Жок нерсе категориясы байыркы философияда онтологиянын калыптанышы менен пайда болгон.

Байыркы грек философиясында алгачкы жолу Жок нерсе өз алдынча категория катары Демокриттин болмуш (атомдор) жана боштук (Жок нерсе) тууралуу окуусунда кездешип, ал көптүктүн, кыймылдын жана өзгөрүүнүн зарыл шарты катары каралган. Софист Горгий Жок нерсени элеаттардын болмуш түшүнүгүнүн тескери жагы катары чечмелеген. Болмушка (башкача айтканда эйдостордун жыйындысына) карама-каршы башаттардын бири катары Жок нерсе Платон менен Аристотелдин онтологиясында маанилүү роль ойнойт. Алар тарабынан болмуш жана ой жүгүртүүнүн көз карашында Жок нерсе жок болмуш, ал эми эйдостордун биримдигинин көз карашында эйдостордон башка, аларга каршы келген материя (сезимдик дүйнө) катары чечмеленет. Өз алдынча турганда Жок нерсе таза мүмкүндүк, идеяларга караганда пассивдүү жана көз каранды болмуш катары аныкталат. Плотиндин окуусунда платондук маанайдагы Жок нерсе сакталат, бирок, анын жамандык (болмуштун кемчилиги, Жок нерсенин болмушка басып кирүүсү) түшүнүгү менен тең маанилиштирилет (кийин бул идея христиандык теодицея тарабынан кеңири колдонулган).

Патристикада Жок нерсе тууралуу антикалык түшүнүктөр дүйнөнүн кудай тарабынан Жок нерсенин жаратылгандыгы тууралуу идеяны чечмелөө үчүн пайдаланылган (Филон Александрийский, Августин Аврелий жана башка). 19-кылымдагы жана 20-кылымдын башындагы философияда Жок нерсенин кызыгуу салттуу метафизиканын кулашына байланыштуу бир кыйла солгундап кеткен. Шопенгауэр, Ницще Жок нерсе, Берксон Жок нерсе түшүнүгүн ойлоого болбостугун баса көрсөтүшкөн. Ошого карабастан, 20-кылымдын философиясындагы айрым агымдар Жок нерсе проблемасын реставрациялоого умтулушкан (протестанттык ортодоксалдуу эмес теология, православиелик диний философия, экзистенциализм, өзгөчө Хайдеггер жана Сартр.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]