Онтология

Википедия дан

Онтология (гр. on, onos – анык жана ...логия-изилдөө,үйрөнүү) – философиянын болмуштун жалпы негизин, принциптерин, анын түзүлүшү менен закон ченемдүүлүктөрүн карай турган бөлүмү. «Адам», «дүйнө», «болмуш», «материя», «аң-сезим», «мейкиндик», «убакыт», «кыймыл» сыяктуу фундаменталдуу категориялардын, түшүнүктөрдүн ортосундагы олуттуу мамилелерди, байланыштарды, өз ара аракеттенүүлөрүн ар тараптан талдоого алган учурда гана бул окуунун чыныгы маңызы терең ачылат. Болмуш проблемасы философиянын түбөлүк бүтпөс маселеси, анткени булар адамзат жашоосунун олуттуу жактарына тийиштүү, демек, адамдын дүйнөгө көз карашынын маңызын бүт камтыйт дегендик. Азыркы кездеги материалисттик философия болмушту баарынын маңызы дейт, анткени ал материалдык нерсени да, рухий феноменди да кучагына алган фундаменталдуу окуу деп түшүнөт. Болмуш бул аморфдуу көрүнүш эмес, ал өзүнүн ички иреттүү курумуна ээ. Болмуштун салыштырмалуу формалары: 1) жаратылыш болмушу; 2) адам болмушу; 3) рух болмушу.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]