Рух

Wikipedia дан

Рух(философия) (гр. pneuma; лат. spiritus; сөзмө сөз: таза аба, керимсел, дем алуу) –

  1. Материалдык, жаратылыштык башталмадан айырмаланган заттык эмес башталманы туюндурган философиялык түшүнүк;
  2. Адамдын эң жогорку жөндөмдүүлүгү; ал адамды ой жүгүртүүгө, өзүн өзү аңдай билүүгө, айлана-чөйрөнү өзүнүн муктаждыктарына ылайык өздөштүрө алуусуна өбөлгө түзүүчү булак;

андай жөндөмдүүлүк жеке жана коомдук турмуштун табигый негизин адеп – ахлактык, маданий жана диний нарктар менен толуктоого да мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.

Индия философиясында Рух түшүнүгү Брахмандын эң жогорку реалдуулуктун, объективдүү жекеликсиз Рух башталмасынын атман менен болгон карым-катнашы аркылуу ачылат. Байыркы Грецияда Рух түшүнүгү алгач материянын айрым белгилери бар назик субстрат катары түшүндүрүлгөн.

Платон менен Аристотелде акыл (нус) космосту биринчи кыймылга келтирүүчү жана форма жаратуучу башталма болуп эсептелет. Орто кылымдын философиясында библиялык христиан салты Рухту барыдан мурда жекече абсолют жана жок нерседен дүйнө менен адамды жараткан Кудайдын жекече эрки деп элестешет. Жаңы мезгилдин философиясында Рухту барыдан мурда акыл-эс, ой жүгүртүү (Декарт, Спиноза, француз материалисттери) катары рационалисттик түшүнүү өз өнүгүшүнө ээ болот. Гегель өнүккөн логикалык категориялардын системасын түзөт деп эсептелген дүйнөлүк рухтун философиясын түзгөн. 19-кылымда Рух түшүнүгү позитивизм, марксизм, волюнтаризм сыяктуу багыттардын сынынын бутасына айланат.

Соңку философияда Рух түшүнүгү анча кеңири белгилүү эмес.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]