Жолболду Алибаев

Википедия дан

Алыбаев Жолболду - ырчы, аткаруучу, акын.

Өмүр жолу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1947-жылы Ош облусунун Өзгөн районундагы Зергер айылында туулган. Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун музыкалык факультетин бүтүргөн. Жалал-Абаддагы педагогикалык окуу жайында, маданият техникумунда, жаңы ачылган университетте окутуучу, облустук билим жана маданият башкармасынын эл чыгармачылык бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. 2000-жылдан бери Р. Абдыкадыров атындагы Ош филармониясында жаштарга наасатчы катары эмгектенүүдө.

Чыгармачылыгын аккордеондун коштоосунда башка авторлордун ыр-обондорун аткаруу менен баштаган. Өзү да бир нече обондорду жаратты. Анын чыгармачылыгындагы орчундуу бурулуш 1990 -1991-жылдарга туш келет. Ушундан баштап комуздун коштосунда ырдай баштады.Ырын өзү жазган “Чолпонум” атуу суйүү дастанын ырдап, башкы мөрөйдү жеңип алды. Жеңижоктун. Барпынын, Нурмолдонун, Калыгулдун, Арыстанбектин, санат-насыят ырларын өз алдынча ыкма менен бийик деңгээлде аткарып, элдин сүймөнчүгү болуп калды.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Абдышев К."Кылым инсандары" Бишкек 2003-ж.