Жолборсов Токтогул

Википедия дан

Жолборсов Токтогул 1952-жылы Сузак районунун Багыш айылында туулган.

  • 1959-жылы У. Абдукаимов атындагы орто мектебине 1-класска барып, аны 1969-жылы бүтүрүп чыгат.
  • Мектепти аяктагандан кийин, Фрунзе шаарындагы Дене тарбия институтуна тапшырат да,
  • 1976-жылы ийгиликтүү аяктап келип, Көк- Жаңгак шааркомунун комсомол комитетинде, бөлүм башчы болуп эмгектене баштайт.
  • 1981-жылы шаардык Коммуналдык комбинатында башкы инженер, андан кийин жетекчиси болуп 1996-жылга чейин иштеген.
  • 1996-жылдан 2006-жылга чейин, Октябрь кыштагында “Коммуналыпик” ишканасын негиздеп, анын жетекчиси болуп эмгектенет.
  • 2006-жылдан жеке ишкерлик менен алектенген.
  • Кайсыл жерде иштесе да талыкпастан эмгектенип, эл арасында аброю абдан чоң болуп, коомдук иштерге активд үү аралашып, айылдын өсүп- өнүгүүсүнө чоң салымын кошкон.
  • Үч чакырылыштагы айылдык кеңештин,
  • 2004-2008-жылдары райондук кеңештин депутаты болуп шайланган.
  • “Эл агартуунун отличниги”, “Сузак районунун ардактуу атуулу” наамдарын алган.
  • 2012- жылы күтүүсүз кырсыктан каза болгон.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3