Токчоро Жолдошов

Википедия дан
Жолдошов, Токчоро‎»‎ барагынан багытталды)
Жолдошов Токчоро
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Жолдошов Токчоро
Туулган жылы: 1903-жылы
Туулган жери: Кара-Булак айылы, Кемин району, Чүй, Кыргызстан
Өлкө: Кыргызстан желегиКыргызстан
Ишмердүүлүгү: адабиятчы


Жолдошов Токчоро (1903-1937) – адабиятчы. Кемин районунун Кара-Булак айылында 1903-жылы туулган. 1919-жылы комсомолго кирип, 1920-жылы үч айлык педагогикалык курсту бүтүргөн. 1920-1921-жж. Суусамырда мугалим болуп иштеген. 1921-1925-жж. Верный (Алма-Ата) шаарындагы Жети-Суу агартуу институтунда окуп, РКП(б)нын мүчөлүгүнө кабыл алынган.

1925-жылы институтту бүтүрүп, Кара-Кыргыз облустук аткаруу комитетинин эл агартуу бөлүмүнүн карамагына келип, Каракол эл агартуу бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. Ошол эле жылы Москвада СССР элдеринин Борбордук басмасынын редактору жана секретары болуп иштеп, кыргыз акындарынын тунгуч жыйнагы «Кызыл гүл» жарыкка чыккан. 1927-1928-жж. «Көрктүү адабият менен акындарыбыз» аттуу макалалар түрмөгү «Эркин-Тоо» жана «Кызыл Кыргызстан» гезиттерине басылган.

1927-1929-жж. Кыргыз АССРинин эл агартуу комиссариатынын алдындагы Академиялык борборунун начальниги болуп иштеген.

1929-1931-жж. Кыргызстан Борбордук Аткаруу Комитетинин жооптуу катчылыгынын кызматын аткарган жана Президиумунун мүчөлүгүнө шайланган.

1931-1932-жж. Кыргыз АССРинин колхоз борборунун төрагасы болуп иштеген. 1933-1935-жж. Эл агартуу комиссары, ВКП(б)нын Кыргыз обкомунун мүчөсү болгон.

Жарык көргөн чыгармалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз тилинде адабияттардын бастырууга киришүү керек. – Ф.: Эркин-Тоо, 1925.
  • Кызыл гүл. - М.: Кеңеш Союзундагы элдердин Борбордук басмасы, 1927.
  • Кызыл Кыргызстан. Ф.: Орок-балка, 1926.
  • Тил, Имла, Термин (атоо) жөнүндө. - Ф.: Эркин-Тоо, 1927.
  • Жаңы тамга жөнүндө. - Ф.: Эркин-Тоо, 1927.
  • Алиппеге бир нече тыбыш жана тамга коштук. - Ф.: Эркин-Тоо, 1928.
  • Маданият өзгөрүшүнө колкабышчылар. - Ф.: Жаңы маданият жолунда, 1928.
  • Касымалынын «Ажары», Сакучулдун сыны. - Ф.: Жаңы маданият жолунда, 1928.
  • Октябрь жана кыргыз адабияты. - Ф.: Жаңы маданият жолунда, 1928.
  • Кайгылуу Какей. - Ф.: Кызыл Кыргызстан, 1928. - №11/370.
  • Жаңы алиппе кызматында жетишкендиктерибиз жана кезектеги иштерибиз. - Ф.: Жаңы маданият жолунда, 1928. - №1, 1-2 беттер.
  • Адабият майданында. - Ф.: Эркин-Тоо, 1926. - №71/140.
  • Көрктүү адабият менен акындарыбыз. - Ф.: Эркин-Тоо, 1927. - №74, 76,78.
  • Көрктүү адабият менен акындарыбыз. - Ф.: Кызыл Кыргызстан, 1928. - №39, 41, 43, 47.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]