Жолдош сурамай, оюн

Википедия дан

Жолдош сурамай – жаштардын оюну. Отуруштарда, жоролордо, тойлордо, майрамдарда ойнолот. Ар кимиси экиден болуп каалаган кишиси менен отурат. Оюнга катышуучулар тегерек тартып отурушуп, адегенде оюн башчы шайлашат. Оюн башчы көпчүлүк менен кеңешип, оюн айыбын 5–10 шап, 5–6 куплет ыр, 3–4 жаңылмач, 2–3 төөматек, 3–4 укуй, ар бир айып саны 2–3 болсун деп макулдашат. Анан ал «кимге жолдош керек?» деген суроону берет. Туш-туштан «мага! ма-га!» деген улан-кыздардын үнү чыгып, колдорун көтөрөт. Оюн башчы алардын бирөөнү көрсөтө, «сага ким керек?» дейт. Ал керектүү кыздын же жигиттин атын атайт. Оюн башчы аты аталып чакырылган кыздын же жигиттин жанындагы жолдошунан «жолдошуңду бересиңби?» дейт, ал берүүгө макул болсо, жолдошу үчүн сураган жигит аткарчу айыпты айтат. Ал эки же үч түрлүү айып тарттырууга укуктуу. Жолдош сураган кыз же жигит аны аткаргандан кийин суралган киши ордунан туруп, сурап алган кишинин жанына отурат. Эгерде суралган жигитти же кызды жанындагы жолдошу бербейм десе, анда ага анын жолдошун сураган киши айып салат. Эгер талап кылынган айыпты аткарып, түрдүү айыптарга чыдаса, анда жанындагы жолдошун эч кимге бербей алып калат. Бул оюн жаштардын чыгармачылыгынын өнүгүшүнө жана алардын өзү урматтаган же сүйгөн курбусунун жанына отуруп сырдашууга, макулдашууга ыңгайлуу шарт түзгөн.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамалекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.