Жоро

Википедия дан

Жоро - эпосто үч мааниде колдонулат: 1) жолдош, теңтуш; 2) кезектешип өткөрүлүүчү бозо ичүү жыйыны, тамаша кылуу үлпөтү; 3) буйрук, өкүм. Биринчи маанисинде көп учурайт. Кырк чоро жөнүндө: "Кылымды бузар кырк жоро Кыялын тапсаң кырк кашка, Кыркынын жөнү бир башка" ( Саякбай Каралаев, 1. 183). Жакып түшүн жорутканда: " Жакып бай айтып токтолду, Жар жоронун баарынан Жалгыз жооп жок болду" (Сагымбай Орозбаков, 1. 47); Манасты кагылып, катыксын деп койчулукка Ошпурга бергенде: "Чеге бала чором деп, Жеке менин жором деп" (Сагымбай Орозбаков, 1. 93), Алмамбет Көкчөгө тарынып келе жатканда: "Жол сурарга жоро жок, Калк сурарга кара жок" (Сагымбай Орозбаков, 2. 293),— деп айтып арман кылат.

Ж. бозо ичүү үлпөтү маанисинде "Семетей" бөлүгүндө чыккынчылык кылып качкан кырк чорону артынан кууп барган Семетей алардын кайра кайтышын суранып турган жерден көрүнөт:

Жылтыркандуу Таласка

Жыргай турган кезиңде

Жыйылып жоро ичишип,

Ырдай турган кезиңде (Курама варианты, "Семетей", 136-б.). Эпосто ошондой эле "Алымын артып жороду, Кайра айтып койгонду Кызыл канга боёду" ( Саякбай Каралаев, 1. 27.) — деген саптар да жолугат. Мындан ЭК нун (жоронун) буйруу, өкүм кылуу, тапшыруу деген маанисин баамдоого болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4