Жолдубай Каипов

Википедия дан

Жолдубай Каипов[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жолдубай Каипов 1946-ж. 11-августа Ат- Башы районундагы Жаңы Күч айылында туулган. 1984-ж. 23-мартта аталган жерде каза тапкан. КРнын эмгек сиңирген артисти. Обончу, аткаруучу , диктор. 1974 ж. Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтун бүткөн.

Ишмердиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1965 -1973-ж.ж. Кыргыз опера жана балет театрында солист
1973 -1984-ж.ж. Кыргыз мамлекеттик телерадиокомитетинде жогорку категориядагы диктор.


Эмгектери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Орто Азия республикаларынын жана Казакстан ортосунда өткөрүлгөн ”Эң мыкты диктор” конкурсунун жеңүүчүсү.
Көптөгөн телеберүүлөрдү айрыкча “Ыр кесени” көркүнө чыгара алып барган.
70 тей обондун автору. Ошону менен катар мыкты аткаруучу да болгон. Анын “Атам менен энеме”, “Көл үстүндө”, “Жашчылык, “Алгачкы кадам”, “Кел бийлейли, ырдайлы.” ж.б. ырлары элге кеңири белгилүү.
“Ырлар” аттуу обондор жыйнагы жарыкка чыккан.

cattegory:персоналия