Жол тандабас

Википедия дан

Жол тандабас (орус. Вездеход, англ. All Terrain Vehicle, ATV) – татаал өткөөлдөрдөн (жолу жок саздак, кардуу жерлерден) жүрүүгө ылайыкталган, жер кыртышына басымы аз болгон транспорт (унаа) каражаты. 20-кылымдын башында жарым каз тамандуу жана дөңгөлөк каз тамандуу машиналар жасалган. Жол тандабастын дөңгөлөгү жазы, көлөмү чоң болгондуктан, сууда сүзүүгө жөндөмдүү. Жол тандабас үчүн негизинен каз таман же атайын дөңгөлөктөр менен жабдылган автомобилдин шассиси пайдаланылат, ал эми трансмиссияга тартуу күчүн жогорулатуу үчүн кошумча кыймыл өткөргүч куту же башка механизм орнотулат. Транспорт каражаттарынын бул түрүнө өзгөчө конститутциядагы, анын ичинде аба жаздыкчалуу машиналар кирет.

Таганай аттуу Орусиялык жол-тандабас.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1