Саз

Википедия дан
Саз.

Саз — жер бетиндеги ашыкча нымдуу жерлер. Ашыкча нымдын болушунан жана органикалык заттар чирибей жыйыла берип, чымкөңгө айланат. Топурактын саздануусунан же көлмөлөрдү чөп басуудан пайда болот. Газ алмашуунун начардыгынан саздарда органикалык кислоталар пайда болуп, саз өсүмдүктөрдүн өсүүсүнө шарт түзүлөт.

Саздуу жерлер түндүк жарым шардын мелүүн алкагынын токой зонасында кеңири таралган. Саздын жалпы аянты 350 млн га, Кыргызстандагы саздуу жердин жалпы аянты болжол менен 600 км2, анын 95% Түндүк Кыргызстанда.

Саздар төмөнкү түрлөргө бөлүнөт: оёңдогу саздар (эвтроф), өтмө саздар (олиготроф). Саздардан казылып алынган чым көң жер семирткич, отун, курулуш материалы жана башка катары пайдаланылат; баалуу химиялык продукт алынат.
Географиялык энчилүү аттардын курамында да көп кездешет. Мис., Белсаз (Кегети менен Ысык-Ата сууларынын арасында), Саз (Өзгөн районундагы суу) жана башка.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]