Жол төшөгүч

Википедия дан

Жол төшөгүч – жаңы темир жол куруу, оңдоо, рельс-шпалдуу решеткаларды орнотуучу жана транспорттоочу машиналардын жана жабдуулардын комплектиси. Жол төшөгүч 20-кылымдын 30-жылдарында колдонула баштаган, темир жол жана каз таман менен жүрөт. Рельс менен жүргөн жол төшөгүч жол орнотуучу крандан, темир жол платформасынан, бир же бир нече мотордуу платформадан турат. Жол орнотуучу крандын өндүрүмдүүлүгү 1200 м/с, жүк көтөрүмдүүлүгү 4,5–21 т, бир звенону коюу убактысы 1–2 мин. Жаңы жолдорду курууда каз тамандуу трактордук жол төшөгүчтөр колдонулат. Анын асты жагы тракторго, арт жагы порталга таянат. Чет мамлекеттерде рельс менен жүргөн бир нече жеңил порталдык крандардан турган жол төшөгүч пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1