Жонуучу станок

Википедия дан

Жонуучу станок - 1) жонуучу кескичтер менен горизонталдуу, вертикалдуу жана жантык беттерди тегиздөөчү металл кесүүчү станок. Ал туурасынан жана узунунан жонуучу болуп экиге бөлүнөт. Жонуучу станоктун башкы кыймылы – алды-артка умтулма түз сызыктуу кыймыл. Кыймыл туурасынан жонуучу станокто бекиткичке орнотулган кескичке, ал эми узунунан жонуучу станокто сом темир орнотулган столго берилет. Жумушчу жүрүш убагында жонуу жүргүзүлүп, куру жүрүштөн соң кескич баштапкы абалына келет. Башкы кыймылдын ылдамдыгы бардык суу менен кыймылга келүүчү узунунан жана туурасынын жонуучу станокто туруктуу, ал эми кулиса-кривошиптүү механизм менен кыймылга келүүчү туурасынан жонуучу станокто өзгөрүп турат (жогорку чегине – кайра нөлгө чейин). Ар бир куру жүрүштүн акырында берүү кыймылы аткарылат (башкы кыймылдын багытына салыштырмалуу туурасынан). Туурасынан жонуучу станокто майда жана орто сом темирлер, ал эми узунунан жонуучу станокто чоң буюм же бир нече ири буюм иштетилет. Куру жүрүштүн айынан жонуучу станок массалуу өндүрүшкө чыкпай, анын ордуна фрезалуу, жылмалоочу станоктор колдонулууда. 2) жыгачтын бетин жылмалоо, кооздоо, нерсеге так өлчөм берүү жана ушундай сыяктуу жумуштарды аткарууда колдонулуучу айланма бычактары бар жыгач иштетүүчү станок.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1