Жон, Али Алиевич

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search
Ali Jon. Bishkek. 08.6.2017.jpg
Туулган жери:

Шор-Төбө айылы, Кордой району, Тараз (Жамбул) облусу, Казакстан, СССР

Өлкө:

Flag of the Soviet Union.svg ССРСFlag of Kyrgyzstan.svg Кыргызстан

Илимий чөйрөсү:

чыгыш таануучу, этнограф, дунган таануучу, акын

Сыйлыктары


КР УИАсынын эмгек сиңирген кызматкери

Али Алиевич Жон (орусча Али Алиевич Джон; 1951-жылы 30-апрелде Казакстандын Жамбул облусуна караштуу Кордой районундагы Шор-Төбө кыштагында туулган) – Кыргызстандагы дунган таануу илимий тармагынын белгилүү адиси, этнограф, тарых илимдеринин кандидаты. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Тарых жана маданий мурас институтуна караштуу Дунган таануу жана кытай таануу борборунун ага илимий кызматкери. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын эмгек сиңирген кызматкери, Чжен Хэ атындагы Эл аралык маданий интеграция фондунун Байкоочу кеңешинин мүчөсү.

Кыскача өмүр таржымакалы[оңдоо | булагын оңдоо]

Али Алиевич Жон 1951-жылы 30-апрелде Казакстандын Жамбул облусуна караштуу Кордой районундагы Шор-Төбө кыштагында мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган.
Анын «Жон» деген тегаты (фамилиясы) дунган тилинде «Жыөн» дегендей угулат, бирок орус тилинде Джон деп транскрипцияланып жазылган. Демек, бул дунганча сөздүн англисче Жон (Джон) ысымы менен эч кандай байланышы жок. Атасы Али Сулайман уулунун бир тууган агасы Касым Жон (1898 – экинчи дүйнөлүк согушта белгисиз кеткен), жалпы Жон урпактарынын аксакалы катары, дал ушул антропонимди тегат катары бардык туугандарына сунуштаган экен. Ошондон тартып Жондун эркек урпактары бул сөздү тегат катары колдонуп келишет.
Алинин атасы Али Сулайманович (1918-1974) – тарых мугалими болсо, Алинин энеси – Валентина Сергеевна Жон (Джон; 1922-1989), орус тили жана адабияты мугалими болгон.
Али 1964-жылга чейин Масанчи (Каракоңуз) кыштагында окуган, андан соң ата-энеси башка айылга көчкөнүнө байланыштуу, Кыргызстандын Кант районуна караштуу Милянфан кыштагында (мурдагы Фрунзе колхозунда) окуусун уланткан жана орто мектепти бул жерде 1967-жылы аяктаган.
Али Жон он сегиз жашынан бери өз эне тилинде ырлар жазып келет.
Али Жон Милянфанда колхоздо иштеп калат да, 1969-жылы Каракол (мурдагы Пржевальск) шаарындагы мамлекеттик педагоггикалык институтунда (азыркы К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде) адабият факультетинде таалим алган. Ал орус тил адабияты жана тили адистигин алган.
1973-жылы окуусун аяктаган соң, Нарын (Тянь-Шань) облусуна караштуу Тогуз-Торо районунун Казарман кыштагында орто мектепте мугалим болуп иштей баштаган.
Бир жылдай Советтик армиянын катарында Выборг аймагында кызмат кылган.
1974-жылдан тартып Чүй аймагындагы Сокулук районуна караштуу Чапаев атындагы орто мектепте мугалим болуп иштеген.
1975-жылы ошол кездеги бүткүл союздук курулуш болгон Жанатас шаарына ыктыяры менен кеткен (Казакстандын Жамбул облусу). Мында ал “Каратаухимстрой” трестинде юрисконсульт болуп иштеген.

1976-78-жылдары “Кыргызфильм” студиясында ар кыл кызматтарда иштеген. Ал режиссер Дооронбек Садырбаев тарткан “Арман” телефильм тасмасын тартууга катышкан.
1978-жылы илим жолун Бишкек шаарындагы Кыргызстандын Илимдер академиясынын дунган таануу секторунда (азыркы Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Тарых жана маданий мурас институтуна караштуу Дунган таануу жана кытай таануу борборунда) баштаган.
Али Жон этнография тармагында «Дунгандардын кыштагы, короо чарбачылыгы жана там-жайы» («Поселение, усадьба и жилище дунган») деген темада кандидаттык диссертациясын 1986-жылы Ленинграддагы (азыркы Санкт-Петербург шаарындагы) Н.Н.Миклузо-Маклай атындагы Этнография институтунда ийгиликтүү жактаган (бул диссертациянын негизинде 2007-жылы ушундай аталыштагы монгорафиясы орус тилинде жарык көргөн).

Анын улуу кесиптештери – тарыхчы, профессор Мухаммед Сушанло (кандидаттык диссертациясынын илимий жетекчиси), булак таануучу, кытай таануучу Галина Павловна Супруненко жана башка адистер ага насааттарын айтышкан.
Эгемендик доорунда Кыргызстандагы илимий иштерден тышкары Казакстандын чектеш Кордой районуна караштуу дунган орто мектептеринде педагогдук ишмердик менен айкалыштырган (ал чек арадан өтүп, ишемби күндөрү өз сабагын берип жүргөн).
Али Жон учурда Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Тарых жана маданий мурас институтуна караштуу Дунган таануу жана кытай таануу борборунун ага илимий кызматкери катары гана иштеп чектелбестен, илимпоз насаатчы катары да жаш дунган таануучу жана чыгыш таануучу адистерге кеп-кеңешин берип келет.
Ал коомдук иштерге да үзүрдүү катышып, дунгандардын улуттук-маданий уюмдарына этнограф адис катары салым кошуп келет.

Илимий-чыгармачыл жана окутуучулук-педагогдук ишмердиги[оңдоо | булагын оңдоо]

Тарыхчы, этнограф, педагог Али Жон (Джон) Кыргызстанда, Казакстанда, Орусияда, Кытайда жана Жапонияда 50дөн ашуун илимий эмгектер жарыялаган.
Ал Кыргызстандагы дунган мектептеринин башталгыс класстары үчүн «Эне тил» окуу китебин (дунган тилинде) жарыялоого калемдеш катары салым кошкон.
Кыргызстанга чектеш казакстандык дунган мектептеринде сабак берген. Кыргызстандагы дунган мектептеринде чыгармачыл жолугушуулар уюштурган.
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде кыргыз тарыхы сабагы боюнча мамлекеттик сынак комиссияларында ырааттуу катышкан.

Дунган таануу жаатындагы негизги ойлору[оңдоо | булагын оңдоо]

Али Жондун илимий тыянагына караганда, азыркы дунган (хуэй) улуту б.з. VII кылымынын соңунан тартып, орто кылымдардын ичинде көп баскычтуу болуп калыптана баштаган. Кытайлашкан келгин мусулман арап соодагерлери жана дин таркатуучулары гана эмес, Борбордук жана Ички Азиядагы мусулман түрк, фарсы жана башка этностор да компонент катары жуурулушуп, азыркы дунгандардын келип чыгышына өз салымын кошкон. Оболу ислам Кытайга Улуу жибек жолу аркылуу кургак жол менен келсе, кийинчерээк деңиз жолу аркылуу да өз таасирин чыңдаган.
Дунгандардын цин-манчжур өкүмүнө каршы 1862-жылдан тартып башталган ири улуттук боштондук көтөрүлүшү кандуу басылган соң, дунгандардын бир катар топтору Кыргызстанга XIX кылымдын соңунда - 1877- жана 1881-82-жылдары жэурт которууга аргасыз болушкан. Бул келгин дунгандар акырындап жергиликтүү калк менен маданий карым-катнашын чыңдаган. Дунгандардан кыргыздарга гана эмес (маселен, ашлямфу, фунчоза, ж.б. тамак-аштар), кыргыздардан да дунгандарга тийешелүү маданий таасирлер болгон (бешбармак, ж.б.). Бул өз ара карым-катнаш – тамак-ашка гана мүнөздүү эмес, алда канча кеңири чөйрөнү камтыйт, маселен, эки элдин ортосунда куда-сөөктүк карым-катнаш да улантылууда, дейт Али Жон.

Адабий чыгармачылыгы[оңдоо | булагын оңдоо]

Али Жон (Джон) көркөм чыгармалар да жазат. Анын дунган тилиндеги бир катар ырлары, аңгемелери жана публицистикалык чыгармалары “Шыйуэди чи” (“Октябр таңы”) жана “Хуэймин Бо” (“Дунган гезити”) басылмаларында, ар кыл адабий альманахтарда жарык көргөн.
2011-жылы Али Жондун калемине таандык “Жашыруун токой” ырлар жыйнагы басмадан чыккан.
Али Жон чыгармачыл эргүү адатта ал жалгыз болгондо келээрин айтат.

Сыйлыктары. Наамдары[оңдоо | булагын оңдоо]

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын эмгек сиңирген кызматкери
Тарых илимдеринин кандидаты (1986).

Үй-бүлөсү[оңдоо | булагын оңдоо]

Али Жондун үй-бүлөсү бар.

Жубайы – Валентина Юнгуковна.
Алар бала-чакалуу жана неберелүү болушту. Уулдары: Евгений (1978), Исмар (1985).

Али Жондун эмгектеринин чакан тизмеси[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Джон, А.А. Материальная культура дунган: поселение усадьба и жилище. – Фрунзе: Илим, 1986.
  • Джон, А.А. Обычаи, обряды и поверья дунган» (2007 г.),
  • Джон, А.А. Дунгане и Беловодское восстание в Пишпекском уезде» (2009 г.).
  • Джон, А.А. Обычаи, обряды и поверья дунган». 2- издание, расширенное и дополненное. Бишкек «Илим» - 2016;
  • Джон, А.А. Дунгандын үрп-адат, ырым-жырым жана ишенимдери». Бишкек «Илим» - 2016;
  • Джон, А.А. Хуэйзў куйчын, лийи зэмусы җищү». Бишкек «Илим» - 2016.

Калемдеш болуп жарыялаган эмгектер[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Дунганская энциклопедия. – Бишкек, 2005-2009. – Изд. 1-2.
  • Шисыр И. С., Джон А. А. Фуму йуян (Эне тил): 2-3-класстар үчүн окуу китеби. – Б.,

Ал тууралуу адабият[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Дунганская энциклопедия / Гл. ред. М.Х.Имазов; Редколлегия: А.А.Джон, и др. – 2-е изд., доп. – Бишкек: Илим, 2009. – 474 с., илл. - Центр дунгановедения и китаистики НАН Кыргызстана. – ISBN 5-8355-1435-2. – Б. 193.
  • Ху Чжэнхуа. Исследования по дунгановедению Центральной Азии. - Пекин, 2012.
  • Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк. - Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. 1990. - ISBN 5-89750-028-2. – 288 б.
  • 胡振华文集,出版社: 中央民族大学, 作者: 中央民族大学中国少数民族语言文学学院, 出版日期:2011 年6月.

Интернеттеги шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]