Чыгыш таануучу
Көрүнүш
Чыгыш таануучу - Чыгыш элдеринин тарыхын, маданиятын, улактарын, этнографиясын дүйнөдөгү тарых илиминин алкагында изилдөө менен алектенген окумуштуу адис.
Байыркы кытайлыктардын тарыхынын атасы катары Сыма Цян эсептелет.
Кыргыздын 19-кылымдын акырынан тартып тарых изилдеген окумуштуулары - Зиябидин Магзуни, Осмонаалы Сыдык уулу, Белек Солтоноев болгон.
Кыргыздын туңгуч арабисти - профессор Өмүркул Караев болгон.
Кесип түрлөрү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Чыгыш таануучу кесибин аркалагандар тарыхчы, археолог, архив таануучу, булак таануучу, этнограф, этнолог, тилчи, адабиятчы жана башка тармактык кесип ээлери болуп бөлүнүшөт.
Кыскача адабият
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. 1990. – 288 бет. – (История кыргызов: Краткий энциклопедический словарь). – (ISBN 5-89750-028-2)