Жон Бардин

Википедия дан
Жон Бардин (1956).

Жон Бардин (англ. John Bardeen, айтылышы: /bɑːrˈdiːn/; 1908-жылы 23-май – 1991-жылы 30-январь) - америкалык физик жана электр инженери, физика жаатындагы Нобель сыйлыгына эки жолу ыйгарылган жалгыз окумуштуу Бардин, сыйлыкка 1956-жылы Уильям Шокли жана Уолтер Браттейн менен бирге транзисторду ойлоп тапкандары үчүн жана 1972-жылы Леон Купер жана Жон Роберт Шриффер менен бирге БКШ теориясы катары таанымал болгон жөнөкөй ашыкча өткөргүчтүктүн негизги теориясы үчүн ыйгарылган.

Электрондук өнөр жайда революция жасаган транзистор Маалымат доорунун башталышына түрткү берип, жөнөкөй телефондордон кыйын түзүлүштөгү компүтер жана ракеталар сыяктуу дээрлик баардык заманбап түзмөктөрдү иштеп чыгарууга өбөлгө түзгөн. Экинчи "Нобель" сыйлыгын алып келген Бардиндин ашыкча өткөргүчтүктүн иштеп чыгаруусу өзөктүк магниттик резонанстык спектроскопиясында же ал сыяктуу медициналык магниттик-резонанстык томографиясында колдонулат.

1990-жылы Жон Бардиндин аты LIFE Magazine журналынын "Кылымдын 100 эң таасирдүү америкалыктар" тизмесинде пайда болгон.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Илимий ишмердиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]