Жон Ирвиң

Википедия дан
Жон Ирвиң

Жон Уинслоу Ирвиң (англ. John Winslow Irving; туулгандагы аты: Жон Уоллес Блант кич., 1942-жылы 2-мартта туулган) — америкалык жазуучу жана "Оскар" сыйлыгын утуп алган сценарист.

Ирвиң 1978-жылы "Гарп боюнча дүйнө" (англ. The World According to Garp) чыгармасы эл аралык деңгээлде ийгилик жараткандан кийин сынчылардын да, элдин да баасына татыган. Ирвиңдин көптөгөн романдары, анын ичинде "Шарап үйүнүн эрежелери" (англ. The Cider House Rules, 1985), "Оуэн Мини үчүн сыйынуу" (англ. A Prayer for Owen Meany, 1989) жана "Бир жылдык жесир" (англ. A Widow for One Year, 1998) бестселлер болуп калган. Беш романы тасмага ылайыкташтырылган. Ирвиңдин айрым китептери (Гарп, Мини, Бир жылдык жесир) жана бир нече кыска аңгемелери Нью Гэмпширдин Эксетер жергесиндеги Филлипс Эксетер академиясынын ичиндеги жана айланасындагы окуяларды чагылдырган. Ал 1999-жылы "Шарап үйүнүн эрежелери" тасмасына жазган сценарийи менен "Оскардын" "Эң мыкты сценарий" наамын утуп алган.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чыгармалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]