Жообузар

Википедия дан

Жообузар"Манас" эпосунун эпизоддук кейипкери, Каныкейдин кызматчы кара күңүнүн баласы. Семетей менен тең төрөлөт, экөө жолдош болуп жүрсүн деп, Манас атын Ж. коёт. Көбөш баш болгон "алты арам", аларга кошулган кырк чоро Манастын бүлөсүн чапканы келатканда уулунун коопсуздугунан чочулаган Каныкей Семетей менен Чыйырдыны качырып жиберип, Семетейдин ордуна Ж-ды бөлөп коёт да, Букарга Семетейге кошуп ала кетмекчи болот. Кундактагы Ж-ды Семетей деп кылыч менен бөлө чапкан Көбөштүн канкордугу эпосто:

Наркескенди аркырап,

Алып сууруп колуна

Дүмөктү иттер баштады,

Кундактагы баланы

Алтыга гана бөлүп таштады ( Саякбай Каралаев, "Семетей", 1. 19—21),— деп сүрөттөлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4