Жоолук таштамай

Википедия дан

Оюнчулардын саны 10—20 киши.

  • Оюнда колдонулуучу каражат — жоолук,
  • Оюнга даярдануу. Жетекчи шайланат да, калган оюнчулар тегерек болуп отурушат. Оюн жетекчиси жоолукту ороп алып тегеректин сыртында турат.

Оюндун баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жетекчи отургандардын артынан айланып басып жүрүп жоолукту билдирбей бирөөнүн артына таштап салып, айланып жүрүүсүн уланта берет. Эгерде артына таштаган жоолукту отурган оюнчу байкабай калса, жетекчи кайрадан келип жоолукту алып, байкабай калган кишинин жонуна жоолук менен ура баштайт. «Таяк» жеген оюнчу отургандардын артынан тегеренип жүгүрүп качып, кайрадан өз ордуна келип отурууга шашат. Эгерде качкан оюнчу жетекчиге жеткирбей жана урдурбай качып келип ордуна кайрадан отурса, оюн жетекчиси өз ордунда калып, оюнду улантат. Эгерде жетекчи качканды кубалап жетсе, алар ролдору менен алмашышып оюн кайрадан башталат. Эгерде артына ташталган жоолукту отурган оюнчу байкап калса, ал жоолукту тез алып жетекчини кубалап жетип, жоолук менен жонуна урууга аракеттенет. Оюн жетекчиси болсо ага жеткирбей айланып качып бошоюн орунга келип отурууга аракеттенет. Жетекчи, кубалаган оюнчудан кача албай калса кайрадан өз ордунда калат. Жеткирбей качса, кубалаган оюнчу, оюн жетекчисин ордуна калып оюнду кайрадан баштайт. Токмок жебей өз ордуна келип отурган оюнчу жеңүүчү болот.

Оюндун эрежеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Катышуучулар баштарын артка буруп кароого, бир бирине айтууга, оюн жетекчисине качып бараткан оюнчулардын баштарын, беттерине урууга жана өтө катуу урууга болбойт.

Оюнга методикалык көрсөтмө. Айтып койгон оюнчулар кезексиз оюн жетекчисинин ролун аткарат, Оюнчулар буттары менен малдаш куруп отуруп, анда-санда арт жактарын колдору менен сыйпалап коюуга болот.

Оюндун педагогикалык мааниси. Оюнда күч, ылдамдык, шамдагайлык тарбияланат, жүгүрүү ыкмаларын бир нерсеге көңүл коюуга, байкоого үйрөтөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]