Жоор

Википедия дан

Жоор - унаанын кыр арка жана ага танапташ эки каптал терисинин сүрүлүп жараланышы, сезгениши.

Ал көбүнчө ээрди калпыс токуудан пайда болот. Тери менен ичмектин ортосуна катуу чөп-чар туруп калышынан, анын тигишинен унаанын териси сүрүлүп, жүнү түшөт да, астыңкы катмарлары жараланат.

Бара-бара калталап, сезгенип, сары суу басат же ириңдейт. Күчөп кеткенде оңой менен айыкпас жаратка айланат. Жоор жаңы башталганда малды жумушка чекпей, ээр токубай, жараланган жерди убагы менен дарыласа, Жоор тез айыгат. Жоорго ар түрлүү дары жана жумшатуучу май колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.