Жоошбай Борсол уулу

Википедия дан

Куудул Жоошбай Борсол уулу
(1840-1919)
Жоошбай Борсол уулу болжол менен 1840-жылы азыркы Тоң району, Дөң-Талаа кыштагында оокаттуу адамдын үй бүлөсүндө туулган. Колдо бар маалыматтарга караганда анын куудулдугу бала кезинен, 11-12 жашынан кой- козу багып жүргөн мезгилинде эле башталат. Көпчүлүк информаторлордун айтуусунда Жоошбайдын бир тууган агасы Байсерке айыл бийлеп, манап аталган киши болот. Ыбырай Абдрахманов бул жөнүндө төмөндөгүдөй маалымат берет: “Ысык –Көлдүн Лекол болушу деп аталган саяк элинде Байсерке деген эл бийлеген кишиси болуп, анын Жоошбай деген куудул иниси болот. Жоошбайдын кылыктары өтө көп”. Айтор Жоошбайдын белдүү бир тууганы болгону чындык. Аны эскерип отурушубуздун себеби куудулдун көпчүлүк кылык -жоруктары агасынын жеке керт башына, үй бүлөсүнө, кадырлуу аксакал конокторуна, үзөңгү жолдошторуна карата аткарылат. Ошондуктан Байсеркенин аты бир эмес, бир канча окуядан кезигет.
Айтуучулардын эскерүүсүндө Жоошбай мал-жандуу, оокаттуу үй бүлөдөн чыкса да, эмнегедир атанын анчалык купулуна толбогон балдарынан болуп, анын сөздү бетке айткан өткүрдүгүнөн, куудулдугунан болсо керек, “тентек”, “жинди” аталып, анчалык баркталбай өсөт. Ал эмес кой- козу кайтарып, жайдын саратан узун күндөрүндө, кыштын кылчылдаган чилдесинде жылкы күзөтүп, жылкычылар менен шырылдаң айтып, отузга чыкканча “бойдок” аталып жүргөндүгү анын өз окуяларынан эле орун алат. Балким ушундай шартта куудулдун турмушка болгон баамдоосу, көз карашы калыптанган чыгар. Натыйжада ал жаман- жакшыны калыстык менен талдап, өзүнүн кылык-жоруктары менен турмуштагы адилетсиздикке, кекирейүүчүлүккө, зордук- зомбулукка, алдамчылыкка нааразычылык билдирет.
Жоошбайдын бала кездеги оюн салмаларынды эч кандай соиалдык маңыз жок, кадыресе эле жагдайда, курбу-курдаштары, жолдош-жоролорунун арасында өтөт. Бир күнү атасынын кокуйлаганына болбой суудан өткөрөм деп, суунун терең жерине кирип барат. “Кытыгым келип жатат” деген шылтоо менен улам сууга таштап жибере турган болуп кайра тартып алып, жүрөгүн түшүрүп, эсин оодарат. Атасынын сөзүнө да таамай жооп кайтарып, эриксизден жылмаят. Он төрт – он бештеринде байдын баласы Жуманын бээсин колго оңой эле түшүрөт. Экөө кой кайтарып жүргөн мезгилде :”Силердин жем- чөбүңөр аз экен, бизде болсо кеңири, жылкыңы мен багып берейин “ дейт. Жума болсо жылкыларын кармата коёт.
Жоошбай:”Келесоону алдадым го...”деп жолго түшөт. Күз өтүп, кыш келет, кыш чыгып жаз келет. Бээ кулундайт, Жоошбай болсо жылкыны өзүнө менчиктеп алат. Жума “бээмди кайтар” дегенде, Жоошбай малды асырап баккандыгы үчүн жылкы наркынан да ашык акыны сурап, чатак чыгарат. Байдын баласы болсо жылкысынан кечип, жолго түшөт.
Жоошбайдын “жумуртка бөлүштүрүшү” эл арасында өзгөчө эле узун сабак, “бөлсөңөр Жоошбайча бөлгүлө” деген лакап да ушул окуяга байланыштуу чыккан. Айтуучунун маалыматына караганда Жоошбайдын жумуртка бөлүштүрүүсү анын жаш өспүрүм, 15-16 жаш курагында, өз катарлуу балдар менен кой кайтаруу мезгилинде өтөт. Талаада жүрүп зериккен балдар койлорун таштап, кекиликтин жумурткасын жыйнап, ары- бери жүгүрүп, кумардан таркашат. Бардыгы чогула келгенде Жоошбай араң эле 5-6 жумуртка тапкан болуп чыгат, калгандардыкы 50,60тан ашат. Ошондо Жоошбай уятын жашыруу максатында жолдошторуна демейдеги “тамашасын” баштап, кысылыш жерден жол таап кетет, жада калса жумурткалардын баарын өз энчине ыйгарат.
Жоошбайдын бир топ окуялары өз атасы Борсолго байланыштуу (“"Суудан кечирдим”, “Тайлак болуп боздодум”, “Борсол жинди”, “Атамды коркуттум”, “Мейман күтүү” ж.б.) айтылат. “Тайлак болуп боздодум” окуясында атасынын баёолугун, сараңдыгын күлкүгө алат. Атасы толгон короосу менен кыштоого көчүп келет. Айылдагы кыз-келиндер кийиз жасап, колдору туурулуп кесик алса да, бай аларга бир улакты союп берүүнү ыраа көрбөйт. Жоошбай аларга бир сорпо ичирүүнү көздөйт. Ошондо куудул атасынын динчилдигин билип туруп, койлордун арасына кирип, жашырынып, тайлак болуп “боздойт”. Ошондо атасы жакасын кармап, жүрөгү ойгу-туйгу болот. Эртеси атасы түлөө өткөрүп, пайда куудул тарапта болот.

КОЛДОНУЛГАН АДАБИЯТТАР:
Акындар чыгармачылыгынын тарыхынын очерктери. Фрунзе 1988