Жоргонун Бели

Википедия дан

Жоргонун Белитопоним. Эпосто Таластагы ашуу катары көп эскерилет. Манасты үйлөндүрүү үчүн Жакыпка кабарга жөнөгөндө Ажыбай ашкан бел ( Саякбай Каралаев, 1. 236). "Семетейде" Каныкей Букарга качкан учурда: "Жоргонун белин аша албай, Энекең жобоп бир ыйлап басалбай" ( Саякбай Каралаев, "Семетей", 1. 32) турганы эскерилет. Географиялык реалияда Кыргыз Ала-Тоосуна жанаша жайгашкан Кара-Жылга тоосундагы ашуу.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4