Жоробаев Маматазим

Википедия дан

Жоробаев Маматазим 1952-жылы Сузак районунун Кызыл-Кыя айылында туулган.

  • 1970-жылы орто мектепти,
  • 1975-жылы Фрунзе шаарындагы К. И. Скрябин атындагы Айыл-чарба институтунун ветеринардык факультетин аяктаган.
  • 1975-1990-жылдары “Дружба” совхозунда ветврач, башкы ветврач болуп эмгектенген.
  • Ошону менен катар, Элдик көзөмөлдөө, ГО, профсоюздук, партиялык, коомдукиштерди алып барган.
  • 1991-жылы Октябрь айылдык кеңешинин башчысы болуп шайланган.
  • 1994-2006-жылдары Көк-Жаңгак шаардык, Ош, Жалал-Абад областтык ветеринардык башкармалыкта жетекчи жана жооптуу кызматкер болуп эмгектенген.
  • 2008-жылы Багыш айыл өкмөтүнө депутат болуп шайланган.
  • 2013-жылдын 5-апрелинде айыл тургундарынын жалпы чогулушу болуп, аты жок 9-көчөгө анын ысымын коюп берүүнү Багыш айылдык депутаттар кеңешинен суранышкан.
  • Мамлекетке кылган эмгеги бааланып 9-көчөгө ысымы берилди.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3