Жоро Шералиев

Википедия дан

Жоро Шералиев (1916-жылы азыркы Лейлек району, Бука-Башы кыштагында туулган.) - пахтачы, Социялистик Эмгектин Баатыры (1973). 1959-жылдан КПСС мүчөсү. Эмгек жолун 1933-ж. Жаңы-Жол районундагы «Коммунизм» колхозунда иштөөдөн баштаган. Улуу Ата Мекендик согушка катышкан. 1945-51-жлдары Жаңы-Жол районундагы «Коммунизм» колхозунда, 1951-жылдан Ленин районундагы «Бирлик» колхозунда колхозчу, 1954-жылдан дыйканчылык бригадасынын бригадири, 1956-жылдан Жаңы-Жол районундагы К. Маркс атындагы колхоздо бригадир, 1962-жылдан Ленин районундагы «Кызыл-Жар» сзунда пахта өстүрүүчү бригаданын бригадири болуп иштеген 1972-жылдары анын бригадасы 28 га пахта аянтынан 45 цден түшүм жыйнап алган. 1975-80-жылдары Кыргыз ССР Жогору Советинин депутаты.

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Социялистик Эмгектин Баатыры, Эки Ленин ордени, Октябрь Революциясы ордени, медалдар менен сыйланга.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Борбугулов М. "Ош областы энциклопедия" Фрунзе 1989ж.