Жоуль-Томсон эффекти

Википедия дан

Жоуль-Томсон эффекти ― майда жылчыктуу тосмо аркылуу чоң басымдан аз басымга карай туруктуу адиабаталык абал менен жай агып өткөндөгү газдын тепмературасынын өзгөрүшү.

Бул кубулушту 1852-62-ж-дары Ж.П.Жоуль менен У.Томсон (Кельвин) байкаган. Газдын басымы p1, көлөмү V1 ден р2 жана V2 ге чейин адиабаталык кеңейүүдө анын энергиясынын Е өзгөрүшү карама-каршы белги менен туюнтулган, газ кеңейгенде аткарылган жумушка барабар, б. а. Е2–Е1=р1V1– –p2V2. Ошондуктан Жоуль-Томсон эффектиси кезинде газдын энтальпиясы H=E+pV туруктуу бойдон калат. Идеалдык газдар үчүн Ж.–Т. э. нөлгө барабар, ал эми реалдык газдар үчүн нөлгө барабар эмес. Жоуль-Томсон эффектиси белгисин өзгөрткөн температура Тi инверсия чекити деп аталат. Жогорку басым кезинде Тi көлөмгө V көзкаранды. Жоуль-Томсон эффектиси техникада төмөнкү температураны алууда колдонулат.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.
  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Физика. Энциклопедиялык окуу куралы. 2004 Бишкек. ISBN 9967-14-010-0