Жугуштуу мононуклеоз

Википедия дан
жугуштуу мононуклеоз.

Жугуштуу мононуклеоз. — лимфа бездеринин чоңоюшу, калтыратма, ангина, кандын өзгөрүшү менен мүнөздөлгөн катуу кармама оору. Оорунун козгогучу аныктала элек. Дарттын жуктуруучу булагы — оорулуу адам жана вирус алып жүрүүчү. Козгогуч оорулуу кишинин шилекейи менен оорунун биринчи күнүнөн баштап толук айыкканга чейин, ал тургай айыккандан кийин да сыртка бөлүнүп турат. Оору аба аркылуу (жөтөлгөндө, чүчкүргөндө) тарайт.

Кээде оорулуу менен тыгыз байланышта болгондо жугуштуу мононуклеоз козгогуч дем алуу жолунун чел кабыгы аркылуу канга өтөт. Кан менен бүт денеге тарап, лимфа түйүндөрүн сезгендирет. Оору 6—30 (көбүнчө 6—18) күнгө чейин билинбейт (жашыруун мезгил). Оору демейде капыстан эти ысып, бүткөн бою калтырап башталат. Алгачкы күндөн тамагы шилекей жуткурбай ооруйт, мурун менен дем алуу кыйындайт, моюн, лимфа түйүндөрү, жаак асты шишийт. Бир жумадан кийин боор жана көк боордун чоңоюшу байкалат. Кээде денеде, бутта майда бүдүрлөр пайда болуп, 5—6 күндө таксыз жоголот. Калтыратма 20—25 күнгө чейин созулуп, температура түшө баштайт. Оорулуу ооруканада дарыланат. Ооруну алдын алуу үчүн оорулуу адамды эртелеп башкалардан бөлүп, ооруканага жаткыруу, ооруканадан таза айыкканда чыгаруу керек. Анын үй-бүлө мүчөлөрү 20 күнгө чейин медициналык байкоодо болот. Оорулуу жаткан бөлмөнү дезинфекциялоо керек.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8