Жумаев Кубанычбек

Википедия дан

Жумаев Кубанычбек 1969-жылы 6-февралда Сузак районунун Жаңы-Күч айылында туулган.

  • 1986-жылы Дзержинский атындагы орто мектепти аяктап, ошол эле жылы ДОСААФтан окуп, айдоочулук кесибине ээ болгон.
  • 1987-жылы Советтик Армиянын катарына кызматка чакырылып, даярдоо курсун Новосибирский шаарында өтөт.
  • Андан кийин, кызматын Ташкент шаарында,
  • 1988-жылдан Афган Эл Республикасынын Кабул шаарында БМП айдоочусу болуп кызмат кылат.
  • Ошол жылы согуштук кагылышууда жарат алып госпиталга түшөт.
  • Согушта көрсөткөн каармандыгы үчүн, Советтик Армиянын генералы Г ромовдун колунан “Ардак грамота” менен сыйланат.
  • 1989-жылы май айында кызматы аяктап, айылына кайтат.
  • 8 медаль бир канча төш белгилери менен сыйланган.
  • Учурда айылындагы кыш чыгаруучу заводдо эмгектенет.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3